# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14377/edition/562051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому (28.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92227

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-сентябры №200 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 Жарлыгына ылайык, ачыктык принцибин киргизүү, отун-энергетикалык комплексин башкаруудагы жана жөнгө салуудагы жоопкерчиликти арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш);

- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 токтому менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин статс-катчысы, Байкоочу кеңештин төрагасы; Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

- отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директорунун орун басары;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- "Кыргыз газ" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобого ылайык конкурстук негизде тандалып алынуучу коомдук уюмдардын 6 өкүлү.
