Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 февраля 2011 года №77 "О Наблюдательном совете по инициативе прозрачности топливно-энергетического комплекса при Министерстве энергетики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-02-28.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-сентябры №200 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 Жарлыгына ылайык, ачыктык принцибин киргизүү, отун-энергетикалык комплексин башкаруудагы жана жөнгө салуудагы жоопкерчиликти арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш);
- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин статс-катчысы, Байкоочу кеңештин төрагасы; Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директорунун орун басары;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз газ" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобого ылайык конкурстук негизде тандалып алынуучу коомдук уюмдардын 6 өкүлү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы №77 " Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш…Постановление · 28.02.2011 · № 77
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык…Постановление · 13.09.2010 · № 200
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы №77 " Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш…Постановление · 28.02.2011 · № 77
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.07.2010 · № 49 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 187-р (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу…Распоряжение · 30.11.2010 · № 187-р · Күчүн жоготкон