# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14376/edition/381970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92226

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 11-сентябры №199 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кант кызылча өстүрүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо, ички рыноктун ата мекенде өндүрүлгөн ак кантка болгон керектөөсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 102 "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы "2010-жылдын 1-июлунан 2011-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр жана сандар "2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 103 "Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы "2010-жылдын 1-июлунан 2011-жылдын 1-июлуна чейинки" деген сөздөр жана сандар "2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
