# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №198 "2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун сатып алышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №198 "2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун сатып алышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14375/edition/1143236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №198 "2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун сатып алышы жөнүндө" токтому (09.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92225

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябрындагы №198 2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун сатып алышы жөнүндө 2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун Бишкек жана Ош шаардык ЖЭБдерин отун менен өз учурунда камсыздоо жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна 2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинде төмөнкүдөй сунуштар берилсин:

- бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонуп, Казакстан Республикасынын Кулан кенинен газ майлуу байытылган (ГМБ) маркасындагы таш көмүрдү зарыл болгон көлөмдө сатып алуу;

- отун сатып алууга тендер жүргүзүүдө көмүр кенинин аталышын көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргызстандын кендеринен 100,0 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн чектелбеген катышуучулары бар тооруктар ыкмасын колдонуу жолу менен сатып алынчу көмүрдүн көлөмүн лотторго бөлүү.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
