# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14374/edition/365605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92224

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябрындагы №197

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасынын угуучуларын каржылоону өркүндөтүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 52 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билим берүү программаларын тандап алуу жөнүндө жободо:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы (мындан арыбашкаруучу кадрларды даярдоо программасы) алынган билимди иш жүзүндө колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн региондук керектөөлөргө жооп берүүчү сабактарды камтууга тийиш.»;

- 9-пунктунун экинчи абзацындагы «кызмат орундарынын тобуна» деген сөздөр «региондук керектөөлөргө» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Комиссия Башкаруучу кадрларды даярдоо программасы боюнча окутууга кандидаттарды Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунда тандайт.»;

- 4-пунктунда:

«1-Программасы боюнча» деген сөздөр «Бишкек шаары боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын; «2 жана 3-программалар боюнча» жана «1-2-3-программалар боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

- 6-пунктундагы «2- жана 3-Программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

- 8-пунктундагы «1-2-3-программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
