Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябрындагы №197
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасынын угуучуларын каржылоону өркүндөтүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 52 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билим берүү программаларын тандап алуу жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы (мындан арыбашкаруучу кадрларды даярдоо программасы) алынган билимди иш жүзүндө колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн региондук керектөөлөргө жооп берүүчү сабактарды камтууга тийиш.»;
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы «кызмат орундарынын тобуна» деген сөздөр «региондук керектөөлөргө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Комиссия Башкаруучу кадрларды даярдоо программасы боюнча окутууга кандидаттарды Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунда тандайт.»;
- 4-пунктунда:
«1-Программасы боюнча» деген сөздөр «Бишкек шаары боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын; «2 жана 3-программалар боюнча» жана «1-2-3-программалар боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы «2- жана 3-Программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктундагы «1-2-3-программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республиксаынын УО 2010-жылдын 20-майынын №52 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө"…Постановление · 20.05.2010 · № 52
- "Положение "об отборе образовательных программ для участия в реализации подготовки управленческих кадров" (Утверждено постановлением Временного Правительства КР от 20 мая 2010…Положение · 20.05.2010 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 30-апрелинин №24 " Башкаруучулардын жаңы муунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка чакыруу боюнча программа жөнүндө" ТоктомуПостановление · 30.04.2010 · № 24 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республиксаынын УО 2010-жылдын 20-майынын №52 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө"…Постановление · 20.05.2010 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон