# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы №195 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы №195 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14373/edition/561445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы №195 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (26.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92222

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-сентябры №195 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун чыңдоо, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун материалдык жана техникалык абалын колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-жылга чейин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чараларынын планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4.2-пунктунун "чаралар/иш-аракеттер" графасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 7.21-пунктунун "чаралар/иш-аракеттер" графасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- камсыздандыруу взносторун которуу ставкаларын азайтуу мүмкүнчүлүгүн кароо;".

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
