# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы №193 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы №193 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14371/edition/400764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы №193 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92220

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 7-сентябры №193 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Суучулдук ишти, сууда куткаруу ишин өнүктүрүү, сууда адамдардын коопсуздугун жана өмүрүн сактоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №596 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестринин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген XI бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору:

- менчигинин формасына карабастан кызыкдар баардык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар (жеке ишкерлер) үчүн 1, 2 жана 3-топтордогу адистештирүү менен "суучулдук иш", "сууда сактоо иши", "дайвинг" боюнча адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо менен билим алганы жөнүндө аныкталган үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана "суучул адистин", "3, 2 жана 1-класстардагы суучулдардын" жана суучулдук жумуштардын 1, 2 жана 3-топтору боюнча адистешүүнүн, "сууда сактоочу" адистин -1, 2 жана 3-класстагы мастердин, "дайвинг боюнча адистин" китепчесин берүү;

- Кыргыз Республикасынын бардык суу объекттеринде кеңири спектрдеги суу алдындагы-техникалык, авариялык-техникалык, илимий-изилдөө, издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, сууга түшүүгө коркунучтуу жерлерди, көлмө-суулардын бөлүктөрүн жана участокторун көрсөтүп туруучу буй тосмолорду жана башка белгилерди орнотуу жана алуу;

- суучулдук иштин бардык түрлөрүн медициналык камсыздоону жана коштоону уюштуруу, суучулдук иштин адистерин реабилитациялоо.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
