Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 6-сентябры № 190 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомунун редакциясына ылайык) Жарандык жогорку окуу жайлардын студенттеринен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди сапаттуу жана пландуу даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 14 «Республиканын жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзац «студенттерин» деген сөздөн кийин «И.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Ош технологиялык университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасын кошпогондо,»деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац «аяктагандан кийин» деген сөздөрдөн кийин «И.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Ош технологиялык университетинин жогорку окуу жайлар аралык аскер факультетин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасын кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө муктаждык бар болсо, контракт боюнча аскер кызматын өтөө тууралуу бүтүрүүчүнүн милдеттенмесин камтыган контракттын формасын иштеп чыксын.»;
3) 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
3. И. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура аскер факультети жогорку окуу жайлар аралык аскер факультети болуп эсептелсин.
4. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жогорку окуу жайлар аралык аскер факультеттери жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасы запастагы офицерлерди даярдоодо, окуу процессин уюштурууда жана кызматтык иштерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө» токтомун жетекчиликке алышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштаи күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Тиркеме Студенттери запастагы офицерлер программасы боюнча аскер факультеттеринде жана кафедраларында окууга укугу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмеси
№
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын аталышы
Жайгашкан жери
1
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Бишкек шаары
2
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы
Бишкек шаары
3
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети
Бишкек шаары
4
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Бишкек шаары
5
К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
Бишкек шаары
6
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек шаары
7
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
Бишкек шаары
8
Кыргызстандын эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплекси
Бишкек шаары
9
Кыргыз экономикалык университети
Бишкек шаары
10
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы
Бишкек шаары
11
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
Бишкек шаары
12
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
Бишкек шаары
13
Ош мамлекеттик университети
Ош шаары
14
И.Адышев атындагы Ош технологиялык университети
Ош шаары
15
А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту
Ош шаары
16
Ош Кыргыз-Өзбек университети
Ош шаары
17
Ош мамлекеттик юридикалык институту
Ош шаары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 14 "Республиканын жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы №326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз…Постановление · 29.07.2005 · № 326
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 "Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби…Постановление · 13.12.2017 · № 805
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын өзгөртүп уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2005 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-январындагы №22 "Ош мамлекеттик юридикалык институтунун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө"…Постановление · 25.01.2007 · № 22
- Положение о военной подготовке студентов высших учебных заведений Кыргызской Республики по программе офицеров запаса на военных факультетах и кафедрах (утверждено постановлением…Положение · 08.07.2004 · № 519
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-ноябрындагы N 836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2004 · № 836
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2004 года № 519 "О подготовке офицеров запаса для Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 08.07.2004 · № 519 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуПостановление · 13.12.2017 · № 805
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 14 "Республиканын жарандык жогорку окуу жайларында түзүлгөн аскер факультеттерин жана кафедраларын жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2010 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 "Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби…Постановление · 13.12.2017 · № 805
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2004 года № 519 "О подготовке офицеров запаса для Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 08.07.2004 · № 519 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.