# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14365/edition/372861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №187 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92214

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 3-сентябры № 187 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Бөйрөгү жакшы иштебеген өнөкөт оорулууларды дарылоо, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн бөлүнүүчү финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 «Гемодиализ үчүн аппараттарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- бөйрөгү ооруган оорулуулардын оор категорияларын дарылоо үчүн 85,1 млн. сом суммасындагы кошумча каражат тиркемеге ылайык бөлүнсүн;»;

- 4-пункттагы «Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты» деген сөздөр «Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- токтом ушул токтомго тиркемеге ылайык тиркеме менен толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 187 токтомуна тиркеме

«Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 36 токтомуна тиркеме

Финансылык каражаттарды беренелер боюнча бөлүштүрүү

№

Аталышы

Суммасы (млн. сом)

Чыгымдар беренесинин коду

Чыгымдар беренесинин аталышы

1

Гемодиализ үчүн аппараттар, чыгымдоочу материалдар, суу тазалоо системасы, гемодиализ аппаратына кошумча чыгымдоочу материал, кошумча медикаменттер

72,4

2217

Медикаменттерге чыгымдар

2

Функционалдык кроваттар, генераторлор

6,2

3112

Машиналар жана жабдуулар

3

Капиталдык ремонт

6,5

3111

Имараттар жана курулмалар

Бардыгы:

85,1

».
