# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14361/edition/365597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92210

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 3-сентябрындагы №183 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Карышкырларга жана чөөлөргө каршы күрөштү күчөтүү жана республиканын аймагында алардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Жок кылынган карышкырлардын жана чөөлөрдүн терилерин өткөргөндүгү үчүн сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдө (бир башы үчүн) белгиленсин: карышкыр үчүн (дөбөтү) - 2500 сом, карышкыр үчүн (канчыгы) 3000 сом, карышкырдын бөлтүрүктөрү үчүн - 1500 сом, чөө үчүн - 1300 сом.».

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
