# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14359/edition/611871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92208

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 1-сентябрындагы №181 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алган чечимдерди өркүндөтүү жана колдонуунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

## III бөлүм

дүн аталышы «каражаттарын» деген сөздөн кийин «каржылоо жана» деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;

## III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

«41. Программаны Мамлекеттик дирекция Каржылоо планына жана чыгымдардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде Атайын фонддун «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-беренесинде жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренесинде каралган донордук каражаттардын эсебинен ишке ашырат. Мамлекеттик дирекцияны каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен Каржылоо планына жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене боюнча жүргүзүлөт. Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти Мамлекеттик дирекция тартат.»; 7-пункттагы «чыгымдардын бюджеттик классификациясында кабыл алынган түзүмүндөгү чыгымдардын беренелери жана» деген сөздөр алып салынсын; 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «16. Казыналыктын системасындагы акча каражаттарын эсепке алуу жана отчёт берүү чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111 - берене боюнча Мамлекеттик дирекциянын бюджеттик эсебинде жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-берене боюнча Атайын фонддун бюджеттик жана атайын эсептеринде казыналык белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз субсидия берилген учурда «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренедеги каражаттар «Финансылык эмес жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка субсидиялар» аттуу өзүнчө 2521-беренеге бөлүнөт.».

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
