# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14357/edition/725169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому (03.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92206

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМУ 2010-жылдын 27-августундагы №179 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө 2010-жылдын 12-июлундагы №14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2005-жылдын 25-ноябрындагы №538 «Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. 2009-жылдын 8-майындагы № 284 «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзацтагы «өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри» деген сөздөр «экономикалык тескөө министри» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацтагы «Мамлекеттик патент кызматынын» деген сөздөр «Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацтагы «Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын» деген сөздөр «Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустриясынын тескөө башкармалыгынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- тогузунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- он биринчи абзацтагы «Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин машина куруу бөлүмүнүн» деген сөздөр «Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны тескөө башкармалыгынын ири бизнес бөлүмүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

2010-жылдын 27-августундагы №179 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна тиркеме

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны жөнгө салуу башкармалыгынын ири бизнес бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы.

Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлер командачысынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоонууну, укук тартибин жана МОБду каржылоо бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны тескөө башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскер өкүлчүлүктөрү менен иштөө бөлүмүнүн зардалы.
