Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 января 2011 года №25 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2011-2013 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-01-26.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 25 токтомуна күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 26-августу №175 Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө Мамлекеттик башкаруу органдары, чарбакер субъекттер жана калк үчүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу социалдык-экономикалык багыттарды аныктоо максатында, аталган мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата орто мөөнөттүү божомолу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасын 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген негизги көрсөткүчтөрү бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), мамлекеттик уюмдар жана ишканалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшүн жалпы координацияласын жана оперативдүү контролдосун;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын маалыматтарын квартал сайын жалпыласын, талдасын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын топтомо мониторингин берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2010-жылга карата кыска мөөнөттүү божомолу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылга карата Иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому күчүн жоготсун деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №25 "Кыргыз Республикасын 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2011 · № 25 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №156 "«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Постановление · 19.03.2010 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №25 "Кыргыз Республикасын 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2011 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча…Постановление · 10.06.2010 · № 71 · Күчүн жоготкон