# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы №172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы №172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14350/edition/800502/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы №172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92199

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августундагы №172 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ун рыногунда тең атаандаштык мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги «1 кг үчүн 3 сомдон» деген цифралар жана сөздөр «1 кг үчүн 1 сомдон» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте маалымдасын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте маалымдасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
