# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14347/edition/395550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92196

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-августу №169 Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр дайындалсын:

- Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыз кылуу маселелери боюнча);

- Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2007-жылдын 6-июлундагы №264 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;

- 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому:

- 2009-жылдын 13-февралындагы №126 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
