Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года № 134 "Вопросы Фонда по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-августу №167 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө Мамлекеттештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине алууну тартипке салуу, алардын сакталышын, тийиштүү түрдө иштешин камсыздоо жана тышкы башкаруу киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалаары жана ал министрдин орун басарынын статусуна ээ болоору белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун бешинчи абзацындагы "125" деген сан "126" деген санга алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкаруу схемасы тиркелген схемага алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мажбурлап алынган, мамлекеттештирилген же башка жол менен мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү мамлекеттин менчигине кабыл алуу, аны андан аркы пайдалануу, башкаруу жана тескөө боюнча иштиктүү чараларды көрүү.".
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонд түзүлгөнүнө байланыштуу 355,5 миң сом өлчөмдө кошумча каражат караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине анын структурасында Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонд түзүлгөнүн эске алуу менен жыл сайын каражат караштырсын.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри жана Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонддун штаттык санын 5 күндүк мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкаруу ТҮЗМӨГҮ
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ├──────┤ Коллегия мүлк министрлиги | ||
|---|---|---|
| ┌─┤ Ведомстволук бөлүмчөлөр └──────────────────────────────┘ └─────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ ├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин └────────────────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ ├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин └────────────────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ └───┤ мүлк министрлигинин Улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча Фонду | Кыргыз Республикасынын Мүлктүк мамилелер департаменти Кыргыз Республикасынын Банкроттук иштер боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик | Аймактык бөлүмчөлөр |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" жобоПоложение · 29.10.2009 · № 668
- КР Премьер-министрин 2010-жылдын 11-октябрындагы № 105 (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондунун түзүмү жана…Распоряжение · 11.10.2010 · № 105
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду…Постановление · 18.08.2010 · № 167
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2009 · № 668 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 17.05.2011 · № 235 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2009 · № 668 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.