# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №165 " Мамлекетин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №165 " Мамлекетин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14343/edition/1143180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №165 " Мамлекетин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому (18.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92192

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 18-августундагы №165 Мамлекетин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнө таандык болгон 2005-жылы чыккан, кыймылдаткычынын № 1FZ-0627079, шасси № JTЕНJО9J555107787 «Toyota Land Cruiser 100 GХ-R» үлгүсүндөгү автомашинанын бажы тартибинде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жоболонушун белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул автомашинаны Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын теңдемине өткөрүп берсин.

2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы белгиленген тартипте, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны өз теңдемине кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
