# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүүбоюнча чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүүбоюнча чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14342/edition/1143177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүүбоюнча чаралар жөнүндө (06.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92191

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-августу №164 Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүүбоюнча чаралар жөнүндө Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында турак үйлөрдү жана инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамдирекция):

- турак үйлөрдү курууда жана калыбына келтирүүдө пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар менен камсыз кылуу үчүн Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрациялары, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагында 2010-жылдын июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында үйлөрү бузулууга дуушар болгон адамдардын тизмесин паспорттук маалыматтар боюнча түзсүн;

- жогоруда көрсөтүлгөн тизмелерге ылайык жабыр тарткан адамдардын жеке турак үйлөрүн калыбына келтирүү же куруу төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:

төлөөлөрдүн мөөнөтүн үч жылга чейин кийинкиге калтыруу жана күрөөлүк камсыз кылууну жол-жоболоштуруу менен 20 жылдын ичинде милдеттүү кайтарып берүү шартында жабыр тартуучу тарабынан кошумча каржыланганда жалпы аянты 100 чарчы метрге чейинки турак үйдү калыбына келтирүүгө жана курууга 200 миң сомго чейин пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген сууда берүү жолу менен; жабыр тарткан тарабынан кошумча акы төлөө катары анын эсебинен тиешелүү сапаттагы курулуш материалдарын, буюмдар менен конструкцияларды жөнөтүүлөрдү, ошондой эле жабыр тартуучу адамдар тарабынан техникалык көзөмөлдүн алдында жана Мамдирекция менен ссуда алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык турак үйдү куруу боюнча жабыр тарткан адамдар аткарган жумуштарды пайдаланууга уруксат берүү; жабыр тарткан турак жайды ипотекалык ссуданын эсебинен курууну жана калыбына келтирүүнү кошумча каржылоодон баш тарткан учурда 50 миң сом өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлсүн. Мындай учурда жабыр тартуучу ссуда алуучулардын тизмесинен чыгарылып салынат.

- турак жайды калыбына келтирүү жана куруу үчүн гуманитардык жардам багыты боюнча келип түшүүчү курулуш материалдарынын шашылыш тартипте пайдаланылышын камсыз кылсын;

- ипотекалык ссудаларды кайтарып берүүнү талап кылуу укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментине өткөрүп берсин;

- коомдук жана администрациялык имараттарды, көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдү, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди, инженердик ифраструктураны (мындан ары - объекттер) долбоорлоону жана курууну тектоникалык жарылуунун таасиринин зонасын эске алуу менен жүргүзсүн;

- подряддык уюмдардан - жер участокторунун ээлеринен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн пайдаланылуучу курулуш-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү боюнча кызматтарды сатып алууну бир булак усулу менен жүргүзсүн.

- 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө 2010-жылдын июнундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга турак үй курууга жана калыбына келтирүүгө пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана 2010-жылдын 30-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:

- Ош жана Жалал-Абад шаарларынын башкы пландарын иштеп чыгууну 2010-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө аяктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:

- 2010-жылдын 20-августуна чейин табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге кирген адамдардын тизмесин ал адамдардын мурда алган пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларын жокко чыгаруу маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Мамдирекцияга шаарлар менен калктуу конуштардын каттоолук-индекстештирилген картасын акысыз негизде берсин.

4. Ош шаарынын мэриясы Мамдирекция менен биргелешип 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Ош шаарынын муниципалдык базарын жайгаштыруу үчүн жер участогун сатып алуу боюнча маселени карасын жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борбору Мамдирекция менен биргелешип курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу чагылдырылышын камсыз кылсын.

6. Ош шаарынын мэриясынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын сунуштарынын негизинде түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана куруу боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан калыбына келтирилүүгө жана курулууга тийиш болгон обьекттердин сунуш кылынган тизмегин бекитсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мамдирекция менен макулдашуу боюнча Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад областтарын курулуш калдыктарынан тазалоону камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институту ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Мамкартография" мамлекеттик картография-геодезия кызматы жетекчилердин оруп басарларынын деңгээлиндеги жооптуу адамдарды бекитсин жана зарыл болгондо өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча практикалык жардам көрсөтүү үчүн Ош жана Жалал-Абад областтарына иш сапарына жиберсин.

"Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы объекттерди куруу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кызматтык командировкаларга чыгууда 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын май айынын аягына чейинки мезгилде жогоруда аталган мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда белгиленген кызматтык автотранспорттун жүрүү лимитиндеги командировкага чыгууларды эске албастан аларды пайдаланууга уруксат берилсин.".

9. Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын инженердик тармактарды эксплуатациялоочу уюмдарына техникалык шарттарды архитектуралык кызматтарга колдонуудагы инженердик коммуникацияларга кошуу үчүн беш жумушчу күндүн ичинде берсин.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Мамдирекциянын башкы директору Ж.Ж.Сатыбалдиевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 токтому менен бекитилген

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана куруу боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан калыбына келтирилүүгө жана курулууга тийиш болгон объекттердин алдын ала ТИЗМЕГИ

кат. №

Объекттердин аталышы жана орун алган жери

Чен бирдиги

Долбоорлоо кубат туулугу (алдын ала)

Саны

Куруу мөө нөт төр

Болжолдуу сметалык наркы миң сом

Каржылоо булактары

Эскертүү

1

2

3

4

5

6

7

8

9

Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча бардыгы

6007758,1

Ош шаары

3166273,7

I. Жеке турак үйлөр

кв.м

71800

718

2010

1181110

РБ, инвестициялар

II. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу

кв.м

11035

10

2010

267102,2

РБ

1

75 квартиралуу көп кабаттуу үй

кв.м

4737

2010

114659,1

2

64 квартиралуу көп кабаттуу үй

кв.м

3898

2010

94351,1

3

40 квартиралуу турак үйлөр

кв.м

2400

8

2010

58092

III. Билим берүү объекттери

4050

6

627352,5

РБ

1

Карл Маркс атындагы »№ 2 мектепке уланма курулуш (Хамза атындагы мектептин окуучулары үчүн)

окуу- чу орун

240

2010- 2011

24000

2

Жапалак а/ө Курманжан Датка атындагы № 31 мектепке уланма курулуш

окуу- чу орун

240

2010- 2011

24000

Объект жер титирөөдөн жабыр тартып, бузулуу абалында

3

Жапалак а/ө Озгур а. С.Алымкулов атындагы № 33 мектепке уланма курулуш

окуу- чу орун

240

2010 2011

24000

«-»

4

Жапалак а/ө Орке а. Тулебердиев № 34 мектепке уланма курулуш

окуу- чу орун

240

2010- 2011

24000

«-»

5

Жапалак а/ө Атабаев атындагы № 35 мектептин курулушу

окуу- чу орун

240

2010- 2011

24000

«-»

6

Ломоносов атындагы мектеп үчүн кошумча окуу корпусун куруу

окуу- чу орун

850

2010- 2011

120000,0

Окуу 3 сменада

7

Киров атындагы мектеп үчүн кошумча окуу корпусун куруу

окуу- чу орун

850

2010- 2011

120000,0

Окуу 3 сменада

8

Ак-Тилек кичирайонунда мектеп куруу (энергиянын натыйжалуулугунун технологиясы боюнча)

окуу- чу орун

850

2010- 2011

120000,0

ДСД бар

IV. Саламаттык сактоо объекттери

41067,0

РБ, инвестициялар

1

Аймактык-шаардык оорукананын тамак-аш блогун куруу жана капиталдык ремонттоо

объект

2010- 2011

30000,0

2

Оштогу чумага каршы бөлүмдү куруу

кв.м

714

2010- 2011

11067,0

V. Газ менен жабдуу объекттери

км

23

59060,3

«Кыргыз- газ» АКАсы

1

Черемушки жана Анар кичирайон- дорунда орточо басымдуу газ өткөргүчтү калбына келтирүү жана куруу

км

4,5

2010- 2011

21437,3

2

Ош шаарынын түндүкчыгыш бөлүгүндө жана Фуркат айылында бириктирилген газ өткөргүчтү куруу

км

18,5

2010- 2011

37623,0

VI. Администрациялык имараттар

кв.м

1020

19176,0

РБ, инвестициялар

1

Ош ш. МАИнин имаратын куруу

кв.м

372

2010- 2011

6993,6

2

Ош ш. МАИнин

кв.м

540

2010- 2011

10152,0

3

ИИМнын ЮУДГССОнун окуу борбору

кв.м

108

2010- 2011

2030,4

VII. Транспорттук инфраструктуранын объекттери, анын ичинде:

Көчөлөрдү калыбына келтирүү

км

35,07

578000,0

РБ, инвестициялар

1

Р.Абдыкадыров атындагы көчө

км

2,8

2010

31000

2

А.Масалиев атындагы проспект

км

5,45

2010

69000

3

Монуев атындагы көчө

км

1,2

2010

18000

4

Ак-Буура көчөсү

км

2,9

2010

55000

5

Моминов атындагы көчө

км

2,25

2010

22000

6

Кара-Суу атындагы көчө

км

1,1

2010

21000

7

Аношин атындагы көчө

км

0,43

2010

13000

8

Навои атындагы көчө

км

3,69

2010

39000

9

Гагарин атындагы көчө

км

3,45

2010

41000

10

Амир-Темур атындагы көчө

км

2,8

2010

36000

11

Буюм-терим базарынан Осмонов атындагы көчөгө чейинки жаңы жол

км

4

2010- 2011

155000

12

Турсунбаева атындагы көчөгө чейинки кыйгап өтүүчү жол

км

5

2010- 2011

78000

Жолдорду калыбына келтирүү

км

44,1

266000,0

РБ, инвестициялар

1

Ош-Исфана, 0-6 км (ортосунда)

км

6

2010- 2011

36000

2

Ош-Араван, 0-8 км (ортосунда)

км

8

2010- 2011

48000

3

Ош - Кара-Суу - Мырзаке, 0-5 км; 5-6 км (ортосунда)

км

6

2010- 2011

36000

4

Ош шаарын кыйгап өтүүчү, 0-3 км (мам.) (ортосунда)

км

3

2010- 2011

18000

5

Ош-Аэропорт «Ош», 0-3,5 км (мам.) (ортосунда)

км

3,5

2010- 2011

21000

6

Ош-Озгур, 0,5 км

км

5

2010- 2011

30000

7

Жапалак - Кеңеш, 0-9 км

км

9

2010- 2011

54000

8

Ош-Төлөйкен, 0-3 км (мам.)

км

3,6

2010- 2011

21000

9

Долбоорлооликтөө жумуштары

км

44,1

2010- 2011

2000

VIII. Электр менен жабдуу объекттери

49800,0

Энермин, инвестициялар

1

ЛЭП куруу-6- 10-0,4 кВ

км

26

2010

20800

2

Орнотуу ТП, КТП

даана

17

2010

15000

3

Счетчиктерди орнотуу

даана

6284

2010

14000

IX. Маданий объекттерин капиталдык ремонттоо

18094,0

РБ, инвестициялар

1

Р.Абдыкады- ров атындагы Ош областтык филармониясы

2010- 2011

5959

2

Бабур атындагы драмтеатрынын имараты

2010- 2011

6835

3

С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драмтеатрынын имараты

2010- 2011

5300

X. Жүргүнчү- лөрдү тейлөө

бир- дик

26

39066,7

РБ, инвестициялар

1

«Ясинг» (КЭР) маркасындагы автобус

бир- дик

10

2010- 2011

17412

2

«Лифан» (КЭР) маркасындагы автобус

бир- дик

10

2010- 2011

8935

3

«ЗиУ - 682Г (Россия) маркасындагы троллейбус

бир- дик

4

2010- 2011

12554

4

«ЗиУ - 682Г маркасындагы троллейбустарды капиталдык оңдоо

бир- дик

2

2010- 2011

165,7

ХI. Өрт өчүрүүчү машиналар

бир- дик

3

2010

20445,0

Бүткүл дүйнөлүк Банк

Ош областы

1407025,6

Араван району

3290

Араван а/ө жеке турак үйлөр

кв.м

200

2

2010

3290

РБ, инвестициялар

Кара-Суу району

1403735,6

I. Жеке турак үйлөр

кв.м

71700

717

1179465

РБ, инвестициялар

1

Мады а/ө

кв.м

4300

43

2010

70735

2

Шарк а/ө

кв.м

41800

418

2010

687610

3

Нариман а/ө

кв.м

500

5

2010

8225

4

Кызыл-Кыштак а/ө

кв.м

25000

250

2010

411250

5

Отуз-Адыр а/ө

кв.м

100

1

2010

1645

II. Билим берүү объекттерин куруу

окуу- чу орун

1430

16000

РБ, инвести- циялар

1

Школа им.Л.Толсто- го в с/у Шарк

окуу- чу орун

540

2010- 2011

60000

2

Школа им.Ш.Жумаева в с.Чагыр с/у Мады

окуу- чу орун

250

2010- 2011

30000

3

Школа в с.Жылкелди с/у Ак-Таш

окуу- чу орун

320

2010- 2011

35000

4

Школа Кыдырша с/у Савай

окуу- чу орун

320

2010- 2011

35000

5

III. Администрациялык имараттар

кв.м

212

3985,6

6

Нариман айылындагы паспорттук столдун имаратын куруу

кв.м

72

2010- 2011

1353,6

РБ, инвести- циялар

7

Зарбдор айылындагы ветклиниканын имаратын куруу

кв.м

140

2010- 2011

2632

IV. Саламаттык сактоо объекттери

19285

1

Ош областтар аралык бириккен клиникалык оорукананы капиталдык ремонттоо

2010- 2011

19285

V. Газ менен жабдуу объекттери

км

3

41000

ОАО «Кыргыз- газ»

1

Бостон а/ө Кызыл-Кыштак айылын газдаштыруу

км

3

2010- 2011

41000

Жалал-Абад областы

1434458,8

I. Жеке турак үйлөр

кв.м

42400

424

736960,0

РБ, инвестициялар

1

Жалал-Абад

кв.м

18200

182

2010

299390

2

Сузак району

кв.м

3400

34

2010

55930

3

Базар-Коргон району

кв.м

20500

205

2010

337225

4

Ноокен району

кв.м

2500

25

2010

41125

5

Ала-Бука району

кв.м

200

2

2010

3290

II. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу

кв.м

9837

4

245850,2

РБ

1

Жалал-Абад шаарынын Спутник к/р 60 квартиралуу турак үй

кв.м

3500

2010

84717,5

2

Жалал-Абад шаарынын Когарт к/р 75 квартиралуу турак үй

кв.м

4737

2010

114659,1

3

Базар-Коргон а. Жалал-Абад жана Ленин к-өнүн кесилишинде 2-16 квартиралуу турак үйлөр

кв.м

1920

2

2010

46473,6

III. Адми- нистрациялык имараттарды калыбына келтирүү

кв.м

1648

339221,1

РБ, инвестициялар

1

Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад областтык телерадио-компаниянын имараты

кв.м

504

2010

17057,5

2

Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад областтык региондук бажы инспек- циясынын имараты

кв.м

372

2010

7650,0

3

Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын имараты

кв.м

162

2010

3045,6

4

Пушкин көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык архитектура жана курулуш көзөмөл региондук башкармалы- гынын имараты

кв.м

360

2010

6768,0

5

Пушкин көчөсүндөгү Жалал-Абад архитектура жана курулуш башкармалыгынын имараты

кв.м

250

2010

4700,0

IV. Саламаттык сактоо объекттери

17000,0

РБ, инвестициялар

1

Жалал-Абаддагы областтар аралык бириккен клиникалык оорукананы капиталдык ремонттоо

2010

17000,0

V. Газ менен жабдуу объекттери

км

5,25

4918,4

РБ, инвестициялар

1

Ленин, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов ж.б. көчөлөрүндөгү шаардык газ менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү

км

5,25

2010

4918,4

VI. Электр менен жабдуу объекттери

39799,7

Энергомин, инвестициялар

1

Джалал-Абад шаарында ЛЭП-6-10-0,4 кВт куруу

км

16,3

2010

10010

2

Джалал-Абад шаарында ТП, КТП орнотуу

даана

15

2010

23790

3

Джалал-Абад шаарында счетчиктерди коюу

даана

463

2010

945,5

4

Базар-Коргон айылында 0,4кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү КТПны капиталдык оңдоо

км даана

3,1 3

2010

2291,4

5

Сузак районунун Таш-Булак, Лавдан-Кара, Достук айылдарынын - 0,4 кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү КТП капиталдык оңдоо

км даана

3,1 3

2010

1238,2

6

Ала-Бука айылынын ЛЭП ВЛ 0,4-6 кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү ТП, КТП капиталдык оңдоо Автоматтарды алмаштыруу

км даана даана

1,7 3 9

2010

1524,6

VII. Суу менен жабдуу канализация объекттери

1330

РБ, инвестициялар

1

Жалал-Абад ш. Ленина, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов көчөлөрүн суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү. ЭЦВ-12160/10 скважина Суу агызып чыгаруучулар ТП 250

даана даана км даана

2 2 1,65 2

2010

4300

2

Базар-Коргон а. Энесай к/р канали- зациясын реабилитаци- ялоо

км

6,32

2010

9000

VIII. Транспорттук инфраструктура (жолдор жана көчөлөр) объекттери

37409,4

Трансмин, инвестициялар

1

Джалал-Абад ш. Ленин, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов көчөлөрүн оңдоо- калыбына келтирүү жумуштары. Автожолдор, көчөлөр Тротуарлар

км км

3,5 3,05

2010

28349,4

2

Базар-Коргон а. Б.Осмонов көчөсүндөгү автожолдор менен тротуарларды реабилитаци- ялоо

км

1,75

2010

5860

3

Ноокен районундагы Чек айылынын жолдору менен көчөлөрүн куруу

км

0,75

2010

3200

Эскертүү:

1. 2010-2011-жылдарга объекттердин алдын ала тизмеги Ош шаарынын мэриясынын Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын сунуштарына ылайык түзүлгөн.

ТОКТОМ
