# КР УӨ 2010-жылдын 13-августундагы №159 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 13-августундагы №159 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14337/edition/414682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 13-августундагы №159 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92186

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-августу № 159 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө «Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун бекитилген жолжоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маалыматтык-координациялык борбор Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча добуш берүүнүн экинчи этабы үчүн катталган 47 талапкердин ичинен 30 талапкерди тандап алуу боюнча сурамжылоо усулу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүн уюштурсун.

2. 2010-жылдын 5-августуна чейинки мөөнөттө алынган маалыматтарды иштеп чыксын жана рейтингдик добуш берүү жолу менен аныкталган 30 талапкерди Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн экинчи этабына киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
