Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-аралардын планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 января 2011 года №26 "Об утверждении Плана мероприятий «Экономика и безопасность» на 2011 год по реализации программы Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-01-26.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-августундагы № 158 Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-аралардын планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасы кризистик кырдаалда калып, ал жашоонун жана иштөөнүн баардык чөйрөлөрүнө кесепетин тийгизди. 2010-жылдын апрелинде жана июнунда болуп өткөн саясий окуялар Кыргыз Республикасында терең экономикалык толкундоолорго жана социалдык туруксуздукка алып келди. Түзүлгөн кырдаал турмуштук маанилүү маселелерди жана аларды аткаруу Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө көмөктөшө турган милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон биринчи кезектүү мүнөздөгү чараларды ишке ашырууну талап кылат. Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды тезинен турукташтыруу жана орто мөөнөттүү экономикалык өсүшкө чыгууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планы (мындан ары - Кризиске каршы план) жана Кыргыз Республикасынын кризиске каршы планын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө өздөрү тейлеген багыттар боюнча Кризиске каршы планга ылайык иш-чаралардын планын белгиленген тартипте бекитсин жана аларды аткарууга киришсин;
- Кризистик планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча айкын чараларды көрсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10нан кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жалпылоо үчүн берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кризиске каршы пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын…Постановление · 26.01.2011 · № 26 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын…Постановление · 26.01.2011 · № 26 · Күчүн жоготкон