# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-августундагы №155 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-августундагы №155 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14333/edition/372875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-августундагы №155 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92182

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-августундагы № 155 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 93 «Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Атайын эсепти башкаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссияга жүктөлсүн;

- 3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн социалдык саясат боюнча координатору Э.С.Ибраимовага» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министрине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн жалпы башаламандыктын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «республикалык штаб» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «ведомстволор аралык комиссия» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) атайын эсептин каражаттарын тескөөчү болуп эсептелет.»; 3-пункттагы «Убактылуу» деген сөз алып салынсын; 6-пункттагы «штабдын» деген сөз «ведомстволор аралык комиссиянын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-пункттагы «эки жолудан» деген сөздөр «бир жолудан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 447 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
