# КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14332/edition/470043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому (13.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92181

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-августундагы № 154 Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө «Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык, ошондой эле пенсионерлерди материалдык камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аскер кызматчыларынын пенсияларын эсептөөгө кошулуучу паектук акчалардын чектелген өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан баштап 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Атайын байланыш кызматы:

- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык пенсияларды кайра эсептөөнү жүргүзүшсүн;

- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык пенсионерлерге паектук акчаларды кошумча төлөп берүүнү каржылоо үчүн кошумча муктаждыктар жөнүндө тиешелүү эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Аскер кызматчыларынын пенсияларын эсептөөгө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 2010-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 21-февралындагы № 75 «Аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын кызматчыларынын пенсиясынын эсебине кошулуучу паектук акчалардын өлчөмү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
