# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14330/edition/365571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы №152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-августундагы №152 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Жарлыгына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы «Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги» деген сөздөр «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жана социалдык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:

- 13-пунктунун биринчи абзацындагы «Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги» деген сөздөр «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитеттин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (кеңешүүчү добуш укугу менен) (макулдашуу боюнча).».

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
