# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы №146 "«АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы №146 "«АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14324/edition/365561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы №146 "«АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коому жөнүндө" токтому (03.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92173

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 3-августундагы №146 «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коому жөнүндө Банк жана төлөө системаларынын стабилдүүлүгүн камсыздоо, коомдо социалдык чыңалууну болтурбоо, «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун (мындан ары - «АзияУниверсалБанк» ААК) аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыгы үчүн активдердин сакталышы максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мыйзамда белгиленген тартипте «АзияУниверсалБанк» ААКны реструктуралоо методу менен атайын администрациялоо процедурасына демилге көтөрүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июнундагы №94 «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомун реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
