Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы макулдашууга карата Кошумча макулдашуунун долбоору тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 августа 2011 года №493/35/9 "О проекте Дополнительного соглашения к Генеральному соглашению об урегулировании финансовых отношений между Правительством Кыргызской Республики и Национальным банком Кыргызской Республики от 21 июня 2002 года № Д-3-2/659, одобренному постановлением Правительства Кыргызской Республики и Национального банка Кыргызской Республики «Об урегулировании финансовых отношений между Правительством Кыргызской Республики и Национальным банком Кыргызской Республики» от 21 июня 2002 года № 396"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-23.
КР Өкмөтү менен КР Улуттук банкынын 2011.23.08. № 493/35/9 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-июлу №144 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы макулдашууга карата Кошумча макулдашуунун долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгынын эсептерин башкаруу тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы макулдашууга карата Кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга Кыргыз Республикасынын финансы министри Ч.И.Имашевге ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Улуттук Улуттук Банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу
Р. Отунбаева Б.Жеенбаева
Долбоор 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу тууралуу Башкы макулдашууга карата КОШУМЧА МАКУЛДАШУУ 2010-жылдын "____" _________________ № ____ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен токтомун аткаруу үчүн, Биргелешип аталууда мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары "КРФМ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын финансы министри Ч.И.Имашевтин атынан жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштөөчү, мындан ары "КРУБ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Б.Ж.Жеенбаеванын атынан 2002-жылдын 21-июнундагы № Д-3-2/659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Башкы макулдашуунун (мындан ары текст боюнча - "Башкы макулдашуу") 4.7. пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгынын эсептерин башкаруу тутумун өркүндөтүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө Башкы макулдашууга карата ушул Кошумча макулдашууну түздү:
1. Тараптар Башкы макулдашууга төмөнкү өзгөртүүнү киргизүүгө макулдашты:
- 4.2. пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4.2. КРУБдагы Өкмөттүн депозиттерине кошуп эсептелүүчү пайыздар, ошондой эле КРУБдун пайдасынын бюджетке которулууга тийиш болгон бөлүгү КТЭге чегерилет. КТЭге чегерилген каражаттар ушул Макулдашуу менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын тындыруу максаттары үчүн пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КРУБдун алдындагы ар бир кварталдык чыгымдарын жаап туруу үчүн КРФМ зарыл сумманы КТЭде кармап турат. Ар бир кварталдык чыгымдарды жабуу үчүн керектүү суммадан ашкан каражат Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы мамлекеттик карыздарын мөөнөтүнөн мурда тындырууга пайдаланылышы мүмкүн".
2. Ушул Кошумча макулдашуу Башкы макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Ушул Кошумча макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул Кошумча макулдашуу мамлекеттик жана расмий тилдерде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Улуттук банкы үчүн
Ч.Имашев Б.Жеенбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №493/35/9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 12-июнундагы № 396 «Кыргыз…Постановление · 23.08.2011 · № 493/35/9 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №493/35/9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 12-июнундагы № 396 «Кыргыз…Постановление · 23.08.2011 · № 493/35/9 · Күчүн жоготкон