# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14318/edition/1045471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92166

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 29-июлундагы №138 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы №706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик-органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун тиркелген нормалары бекитилсин.»;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 164 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын аскер кызматчыларына акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Р.Отунбаева
