Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-июлундагы № 135 «Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин чечиминин 1-пунктуна ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы:
- товарлардын Кыргыз Республикасында чыккандыгы жөнүндө жол-жоболоштуруу, ырастоо жана сертификаттарды берүү боюнча зарыл документтерди бекитилген Эрежелерге ылайык иштеп чыксын жана бекитсин;
- 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода зонасын түзүү жөнүндө макулдашуу жана 1999-жылдын 2-апрелиндеги бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Протокол менен каралган преференциялардын Кыргыз Республикасына жайылтылышы үчүн Макулдашууга катышкан мамлекеттерге СТ-1 сертификаттарынын үлгүлөрүн, мөөрлөрдүн көчүрмөлөрүн жана товарлардын Кыргыз Республикасында чыккандыгы жөнүндө сертификаттарды ырастоого ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. 2001-жылдын 27-мартындагы № 134 «Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин чечимин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "СОГЛАШЕНИЕ о Правилах определения страны происхождения товаров в Содружестве Независимых Государств" Утверждено постановлением Правительства КР от 27 июля 2010 года N 135Соглашение · 20.11.2009
- Постановление Правительства КР от 27 марта 2001 года №134 "Об утверждении Решения Совета глав правительств Содружества Независимых Государств о Правилах определения страны…Постановление · 27.03.2001 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 27 марта 2001 года №134 "Об утверждении Решения Совета глав правительств Содружества Независимых Государств о Правилах определения страны…Постановление · 27.03.2001 · № 134 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.