# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 "2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 "2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14308/edition/443688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 "2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 30-марты № 199 2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө Улуттук маалыматтык-статистикалык системасынын потенциалын андан ары бекемдетүү жана өнүктүрүү, бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын талаптарын натыйжалуу жана сапаттуу маалымат менен камсыздоо, статистика тармагында мамлекеттик маалыматтык тейлөөлөрдүн ачык-айкын системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары Программа) бекитилсин.

2. Программаны ишке ашыруучу координатор болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) аныкталсын.

3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:

- Программада каралган иш-чараларды өз учурунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылышсын;

- Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен тапшырышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
