Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты № 199 2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө Улуттук маалыматтык-статистикалык системасынын потенциалын андан ары бекемдетүү жана өнүктүрүү, бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын талаптарын натыйжалуу жана сапаттуу маалымат менен камсыздоо, статистика тармагында мамлекеттик маалыматтык тейлөөлөрдүн ачык-айкын системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары Программа) бекитилсин.
2. Программаны ишке ашыруучу координатор болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) аныкталсын.
3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
- Программада каралган иш-чараларды өз учурунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылышсын;
- Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен тапшырышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №199 "2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 30.03.2010 · № 199
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 144 "2015-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 24.03.2015 · № 144 · Күчүн жоготкон