# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14307/edition/443705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92152

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-марты №198 Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун ушул механизмин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
