# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14306/edition/443586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92151

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №270 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-марты №197 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын, "Дордой" ассоциациясынын кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Бишкек шаарындагы К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген, жалпы аянты 5,3 га аймагы:

- 5,03 га жер - "Дордой" ассоциациясына 49 (кырк тогуз) жыл мөөнөткө дене тарбия-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу шарты менен убактылуу пайдаланууга;

- 0,27 га жер - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине "Дордой" ассоциациясы менен макулдашылган берилүүчү жер участогунун тиркелген схемасына ылайык берилсин.".

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте өзүнүн чечимин ушул токтомго ылайык келтирсин жана жерди эсепке алуу документтерине зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
