# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №193 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №193 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14304/edition/365543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №193 "Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92148

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 30-марты №193 Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Ак-Жол" камсыздандыруу компаниясы" ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келген жана № 9883/04/270709/1514 жүктүн бажы декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде таризделген фонтандардын комплекттик бөлүктөрүн белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
