# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14299/edition/977607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 "№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92141

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы N 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-марты №186 № ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесине жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген №ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 токтому менен бекитилген

ОП № 5 баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

БДМК(\*) боюнча форма

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ уюм, дареги

Сатуучунун ИУЖКсы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Сатуучунун ИСНи

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген күнү, колдонуу мөөнөтү,

Сатуучунун патентинин номери же жеке ишкердин күбөлүгүнүн номери

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ катталуу жөнүндөгү сатуучунун

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ патенти же күбөлүгү ким тарабынан берилген

0330505

БЕКИТЕМ Субъекттин (сатып алуучунун) жетекчиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ фамилиясы, аты-жөнү колу «\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_ 200\_-ж.

САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ

Документтин номери

Түзүлгөн күнү

Мен \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кызматы фамилиясы, аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сатып алдым сатуучунун фамилиясы, аты-жөнү Паспорт № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатуучунун) паспорт берген органдын аталышы, берилген күнү Паспорт боюнча үй дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатуучунун)

Товардын аталышы жана анын мүнөздөмөсү

Өлчөө бирдиги

Саны

Бирдик үчүн баасы, (сом, тыйын менен)

Суммасы (сом, тыйын менен)

1

2

3

4

5

ОП-5 формасынын арткы бети

Бардыгы суммада \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом \_\_\_\_\_\_\_ тыйын жазуу менен Акчанын суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом \_\_\_\_\_\_\_ жазуу менен Сатуучу алды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу сатуучунун фамилиясы аты-жөнү Акчаны төлөдү \_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу товарды сатып алган адамдын фамилиясы, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аты-жөнү Сатып алуучунун ИСНи \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сатып алуучунун патентинин номери, патент берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күн, колдонуу мөөнөтү, патент же күбөлүк ким \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тарабынан берилген

(\*) Компьютердик техника каражаттары менен маалыматтарды иштеп чыгууда толтурулат.

№ ОП-5 «Сатып алуу актысы» баштапкы эсепке алуу формасын толтуруу боюнча КӨРСӨТМӨ

Сатып алуу актысы эки нускада түзүлөт, анын бири сатуучуда, экинчиси сатып алуучуда калат. Сатып алуучу тарабынан квартал сайын (квартал бүткөндөн кийинки айдын 20сынан кеч эмес) сатуучунун турган жери боюнча салык кызматы органына сатып алуу актысында көрсөтүлгөн сатып алуунун суммасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан иштелип чыккан формага ылайык сатуучуга төлөнгөн акча каражаттары жөнүндө маалымат жиберилет. Актынын жогорку сол жагында сатып алууну жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы жана дареги көрсөтүлөт. Оң жагында сатуучунун ИУЖК (Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору) коду (бар болсо), анын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) (толтуруу үчүн милдеттүү) жана патентинин номери көрсөтүлөт. Ошондой эле документ берген органдын аталышы, берген күнү жана патенттин же мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт. Андан ары сатып алуу актысынын катар номери жана аны толтурган күн коюлат. Сатып алуучу өз атынан «кызматы» деген сапты толтурат жана өз фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтөт. Төмөн жагында «сатып алдым» деген сөздөрдөн мурда сатуучунун маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары) сатуучу тарабынан толтурулат. Атайын бөлүнгөн саптарда сатуучу тарабынан сатылып алынуучу товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүп, сатып алуунун жыйынтык суммасы чыгарылат. Төмөн жагында сатып алуунун жыйынтык суммасы жазуу жүзүндө берилет. Андан ары сатуучу фамилиясын, аты-жөнүн жазат жана өз колун коет. Сатып алуучу дагы сатып алгандыгын кол коюп тастыктайт. Сатып алуучу өз иш-аракетин патенттин негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал өз ИСН, патентинин номерин, анын жарактуулук мөөнөтүн, патент ким тарабынан берилгендигин көрсөтөт. Эгер сатып алуучу өз иш-аракетин мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал күбөлүктүн номерин, күбөлүк ким тарабынан берилгендигин, ИСН көрсөтөт. Сатып алуу актысы товар сатып алып жаткан ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн «Бекитем» деген сапта жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү, аны өз колу жана актыны бекиткен күнү коюлат. Сатып алуучунун жана сатуучунун ИСНдери көрсөтүлбөгөн, ошондой эле керектүү бардык реквизиттери толтурулбаган сатып алуу актысы жараксыз деп эсептелет.
