# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14297/edition/365529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (25.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92139

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-марты №184 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул типтүү Жобонун негизинде ченемдик укуктук актыларды каттоонун тартиби жөнүндө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
