# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №167 ""Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №167 ""Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14281/edition/1255790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №167 ""Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92122

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-марты №167 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун айрым жоболорун кайра кароо зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 806 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуна ылайык киргизилген "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 806 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
