# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14278/edition/395274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (30.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92119

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-марты №164 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №254, 2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2-1. Турак жай-жарандык курулуш департаментин кармоо үчүн каражаттар каржыланган сумманын 2,9 проценти өлчөмүндө "Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан каралат. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №254 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:

- белгиленген тартипте жогоруда аталган департаменттерди, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институттарын, ошондой эле борборду юстиция органдарында каттоодон өткөрүүнү жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
