# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14274/edition/372911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (19.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-марты № 160 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун квалификациялык талаптарына ылайык, жогорку кесиптик аскердик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун билим берүү ишине белгиленген тартипте лицензия берүүнү ишке ашырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн каралган каражаттын чегинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине акча каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 15-июлундагы Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
