Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-марты № 160 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун квалификациялык талаптарына ылайык, жогорку кесиптик аскердик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун билим берүү ишине белгиленген тартипте лицензия берүүнү ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн каралган каражаттын чегинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине акча каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 15-июлундагы Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 612 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку…Указ · 29.12.2009 · № 612
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2009-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 612 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку…Указ · 29.12.2009 · № 612
- Постановление Правительства КР от 17 января 2001 года №12 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О создании Бишкекского высшего военного училища Вооруженных Сил…Постановление · 17.01.2001 · № 12
- Указ Президента КР от 15 июля 2000 года УП №184 "О создании Бишкекского высшего военного училища Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Указ · 15.07.2000 · № 184 · Күчүн жоготкон