# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы №151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы №151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14265/edition/710959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы №151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (30.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92106

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-марты № 151 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруунун жогору натыйжалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.";

- аталган токтом менен бекитилген "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

бүткүл текст боюнча "ЭӨСМ" деген аббревиатура "ЭТМ" аббревиатурасына алмаштырылсын; 6-пунктта "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2-этап бүткөндөн кийин 1 ай" деген сөздөр "аткаруу бийлиги органдары үчүн 2010-жылдын 1-апрелине чейин, ЖӨБ органдары үчүн 2011-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-пунктта "Аткаруу мөөнөтү" деген графасындагы "2-этап бүткөндөн кийин 1 ай" деген сөздөр "2011-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
