# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №146 ""Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №146 ""Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14260/edition/1157220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №146 ""Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92100

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-марты № 146 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:

- Бишкек шаары боюнча позициясында:

- 2-пунктундагы "4" деген сан "5" деген сан менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "10" деген сан "12" деген сан менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "5" деген сан "7" деген сан менен алмаштырылсын;

- "Бардыгы" деген графадагы "22" деген сан "27" деген сан менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
