# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №141 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №141 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14256/edition/442708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92096.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №141 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (09.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92096

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-марты №141 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги түркия тарабына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду кыргыз тарабынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
