Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты №134 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" 269 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" №742 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети түзүлсүн (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө Жобо бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жогоруда аталган Жобого ылайык өзүнүн ишин уюштурсун.
4. 2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" N 296 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" N 742 токтомун, жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иш органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн биргелешкен буйруктарды жана директиваларды чыгаруу укугу берилсин.
5. Министерстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишине жардам көргөзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишмердүүлүгү үчүн жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 134 токтомуна 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык) Комитеттин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иш органдарынын жетекчилеринин Ведомство аралык комитети жөнүндө Жобонун 2.2. пункту менен белгиленген кызматтык адам; Комитеттин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын тарбия иштер башкармалыгынын начальниги. Комитеттин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерди моралдык-психологиялык камсыздоо боюнча башкармалыктын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын күжүрмөн даярдык жана өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлерди жана күчтөрдү даярдоо башкармалыгынын өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана конвоирлөө департаментинин укуктук жана тарбия иштери башкармалыгынын башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мониторингди жана тармактуу саясатты анализдөө, болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим, инновация жана илимий-техникалык маалымдоо башкармалыгынын адиси;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кадрлар башкармалыгынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын штабынын улук инспектору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №134 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө" жобосуПоложение · 05.03.2010 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 217 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы ПЖ № 296 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы…Указ · 29.06.2009 · № 296
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №742 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке…Постановление · 08.12.2009 · № 742 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.