# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14247/edition/372939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92086

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-марты № 131 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 "Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесинде:

- 8.0-бөлүмдүн аталышы жана 8.1 жана 8.2-пункттары "психикалык" деген сөздөн мурда "кургак учук жана" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
