# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14246/edition/1050699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому (02.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92085

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-марты № 130 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- жогоруда аталган департаменттерди жана агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;

- ушул токтомго ылайык келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 токтомунун 2-пункту, 3-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары жана 4-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгын кайра түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
