# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14241/edition/662247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому (19.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-марты № 125 Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)

Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн жана аны андан ары жүргүзүү жана пайдалануу боюнча чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматты жыйноону жана аны ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берүүнү камсыз кылышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Д.Үсөнов
