# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14240/edition/442531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (02.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92079

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 2-марты №124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Коммерциялык юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын жана алардын ишинин токтошун үзгүлтүксүз каттоону (кайра каттоону) камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттун сегизинчи абзацы "ишкердикти" деген сөздөн кийин "2010-жылдын 1-июлунан баштап" деген сөздөр жана сандар менен толукталсын;";

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Коммерциялык юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн, филиалдарын жана алардын ишинин токтошун каттоо (кайра каттоо) боюнча функцияларды 2010-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аткара тургандыгы белгиленсин.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
