# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14237/edition/442524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (04.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92076

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 2-марты №121 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 93-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 1-беренеде:

- биринчи бөлүктөгү "Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка мыйзам жана нормативдик актылардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

3. 8-беренеде:

- экинчи бөлүктөгү "жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын Уставы" деген сөздөр алып салынсын;

- үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

4. 10-беренеде:

- төртүнчү абзацтын биринчи бөлүгүндөгү "көзөмөлдөө" деген сөз "контролдоо" деген сөзгө алмаштырылсын;

- биринчи бөлүктүн он экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

5. 12-беренедеги "жана айыптарды төлөөдөн" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
