Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №120 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 315-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Республикадагы кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелер Саламаттык сактоо жана айыл чарба тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар болуп саналат.".
2. 11-беренеде:
- жетинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жазык-аткаруу системасынын органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "ички иштер жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 13-берененин экинчи бөлүгүндөгү "тиешелүү санитардык эрежелерге" деген сөздөр "нормативдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 16-берененин экинчи абзацы алып салынсын.
5. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-берене. Жарандардын жоопкерчилиги
Жарандар бул мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат. Кургак учук менен ооругандар, анын ичинде кургак учуктун жугуштуу формалары менен ооруган жана дарылоого муктаж адамдар стационардык дарылоодон качкандыгы жана инфекцияны таратуу коркунучу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилигине тартылышат. Дарылоодон жана мыйзамдарда белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарды сактоодон кыянаттык менен качкан кургак учук менен ооруган оорулуулар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо мекемелеринде мажбурлап госпиталдаштырууга.".
6. 24-беренеде:
- биринчи бөлүк "эл аралык келишимдердин" деген сөздөрдөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык келишимдеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Долбоордун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр ар кандай жөндөмөдөгү "саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 271-V "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 25.03.2011 · № 271-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-марты №270-V "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.03.2011 · № 270
- КР Жогорку Кенешиниин 2011-жылдын 27-январындагы № 120-V ""Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 27.01.2011 · № 120-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөЗакон · 18.05.1998 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон