Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 „Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года №115 "О Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 26-февралы №115 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Бишкектеги материалдык-техникалык камсыздоо ишканасы" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн түзүмүн, штаттык расписаниесин белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмчөлөрдүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте берет.";
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Министрликтеги ички контролдоо системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына, иштин жана башкаруунун жыйынтыгына, сарамжалдуулугуна жана натыйжалуулугуна, активдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо, мониторинг жана аудит жүргүзөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 1-февралындагы № 67 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" жобоПоложение · 04.12.2009 · № 731
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 731 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 731 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон